COVID-19: Бишкекте келерки жумада кошумча стационарлар ачылат

Бишкекте коронавируска каршы эмделип жаткандар

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков 27-апрелде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

"Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык", - деди Новиков.

Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

Коронавируска каршы күрөш штабынан 27-апрелдеги маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш бейтап каза болду. Вирус акыркы бир суткада 247 ​кишиден аныкталды. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 94 277 адам жугузуп алды. (BCh)

Дагы караңыз

Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин байбичеси каза болдуИран президенти талкууга түшкөн аудиону текшерүүнү тапшырдыВорухта эки өспүрүмдү кыргыз чек арачылары кармап, кайра бошоткону кабарландыЭркин журналист Ыдырыс Исаков “Алай” футбол клубу тууралуу иликтөө жарыяладыCOVID-19: Индия алапайын таппай турат