Дүйнө окумуштуулары уу коргошундун кесепетин талкуулашты

Уу коргошун тундурмасы

Британиядагы Бат университети дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын башын бириктирип, уу коргошунду коронавируска каршы колдонуудагы кесепеттери тууралуу онлайн талкуу уюштурду.

27-апрелдеги талкууга Лондон коллежи университетинин профессору Кристина Пагель, британиялык профессор, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун илимий кеңешинин мүчөсү Энтони Костелло, Бат университетинин кыргызстандык окумуштуусу Асел Сартбаева баштаган бир нече онколог, коомдук саламаттык тармагындагы илимпоздор катышты.

Окумуштуулар аконит миңдеген жылдар бою өтө коркунучтуу уу катары колдонулуп келе жатканын белгилешип, аны онкология же коронавирусту дарылоодо колдонууга мүмкүн эмес экенин айтышты.

Профессор Энтони Костелло COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө таасири далилденген үч эле негизги курал бар деп баса белгиледи.

“Вирус менен күрөштө бет кап, аралыкты сактоо жана вакцинадан башка таасирдүү эч нерсе жок. Аконитти илгертен адамзат уу катары колдонуп келген. Аны менен байыркы заманда белгилүү философ Сократты, атактуу кол башчы Александр Македонскийди ууландырып өлтүрүшкөнү айтылып жүрөт. Байыркы адамдар найза, жаанын жебесинин учун уулап, аң уулоодо жаныбарларды өлтүрүүгө колдонгон”, - деди Костелло.

Бат университетинин биохимия боюнча профессору Жан ван ден Эльсен “аконитти сууга салып кайнатууда анын курамындагы белоктор өзгөргөнү менен уунун таасири ошол эле бойдон каларын эскертип, медицинада колдонууга болбой турганын" айтты.

15-апрелде президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын" жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 400 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн айткан.

20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин айтууда.

Президент Жапаровдун уу коргошун тууралуу социалдык түйүндөргө жазганы кийин өчүрүлгөн. (BCh)

Дагы караңыз

Ворухта эки өспүрүмдү кыргыз чек арачылары кармап, кайра бошоткону кабарландыГрантка үмүт арткан КыргызстанГүл бакчага айланган корооТажикстандан табылгандар кыйноого кабылганын айтууда | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 27.04.21