Эркин журналист Ыдырыс Исаков “Алай” футбол клубунун кожоюндары тууралуу “Айлыгынан байлыгы көп Аматовдор” аттуу иликтөөсүн жарыялады. Анда «Жеке менчик футбол командасы эмне үчүн Ош шаардык казынасынан каржыланып келатат?" деген суроого басым жасалган.
Иликтөөдө Юстиция министрлигинин расмий сайтына таянып көрсөтүлгөндөй, “Алай” профессионалдык футбол клубуна төрт адам ээлик кылат. Алар: Алмазбек Сулайманов, Полот Тувашев, Сейитбек Аматов жана Асилбек Майлыбаев.
Ал эми Ош шаарынын мэриясынын да, клубдун да жетекчилиги ал муниципалдык команда экенин, ага шаар башкармалыгы ээлик кыларын айтууда.
Иликтөөчү журналисттин белгилешинче, “Алай” клубу Ош шаарында 1960-жылы “Ош” деген ат менен түптөлгөн, кийин ал табышмактуу жагдайда Аматовдордун жеке менчигине өтүп кеткен жана ага шаар бийлиги жыл сайын 20 миллион сом бөлөт”.
Исаковдун иликтөөсүнөн кийин клуб расмий түрдө мэрияга катталганы тууралуу маалымат чыкты, тийиштүү органдар муну азырынча тастыктай элек.
Сейитбек Аматов, журналисттин айтымында, Агрардык-экономикалык институттун ээси жана “Алай” клубунун вице-президенти. Ал иликтөөдө “Алай” мэриянын муниципалдык менчиги” деп билдирүүдө. (RK)
Дагы караңыз
Ат-Башыда өндүрүлгөн бал Жапонияга экспорттолотПерс булуңундагы АКШ жана Ирандын кемелери катышкан окуя тууралуу расмий кабар берилдиКыргызстанда согуш ардагерлери бир жылда дээрлик жарымына азайды Москва соту Навальный түптөгөн фонддордун ишмердигин чектеди