Жапаров: Жакында акимдер ротация болот

Президент Садыр Жапаров.

Жакынкы арада Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат. Бул тууралуу 27-апрелде АКИpress агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы “Акимдердин аттестациясы аяктады. Жакында ротация болот: түндүк облустарынан акимдер түштүккө, түштүктөн акимдер түндүккө барышат” деп айтты.

Жапаров акимдер боюнча кадрдык резервде азыр 400дөй адам бар экенин, иштеп жаткандары ротация жолу менен которуларын, бош орундарга резервдегилер коюларын билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев 25-30% тегерегиндеги жетекчилер аттестациядан өтпөй калганын билдирген. Анын айтымында, аймактарда аттестациянын жыйынтыгы чиновниктердин деңгээли, билими бири-биринен айырмаланбай турганын, орто деңгээлдегилер көп, ошол эле мезгилде мыкты иштегендер да бар экенин көрсөттү.

Аттестация президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө. Документте мамлекеттик аттестациялоо менен катар кадрларды ротациялоо маселеси камтылган.

Кыргызстанда жети облуста 40 район бар. Район башчыларын премьер-министр дайындайт. (RK)

Дагы караңыз

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтоттуБайтереков: Мамлекеттик беш IT-ишкана бириктирилетАктивист Бакай Кашкарбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу маалымат берилдиДССУ Индияга 2 миң кызматкерин жөнөттү