Ат-Башыда өндүрүлгөн бал Жапонияга экспорттолот

Бал челек.

JIKA уюмунун долбоору менен Ат-Башыда өндүрүлгөн бал Жапонияга экспорттолот. Учурда жергиликтүү бал өндүрүүчүлөр менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Бирок тышка сатылчу балдын көлөмү жана баасы тууралуу так маалымат берилген жок.

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал соңку жылдары бир катар эл аралык көргөзмөлөрдө мактоого арзыган. 2013-жылы Киевде, 2014-жылы Түркияда алтын медалга ээ болгон. 2015-жылы Түштүк Кореяда да Кыргызстандын балы сапаты мыкты деп табылган.

Кыргызстан жылына 10-12 миң тонна бал өндүрөт. Адистер өлкөнүн 100 миң тоннага чейин бал өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешет.

Учурда расмий каттоодон өткөн 900дөй балчы бар. Өз алдынча иштегендерди кошкондо 4 миңге жакын экени айтылып келет.

Кыргызстандын базарларында бир кило бал 200-300 сомдон сатылат. Бул тармакта иш алып барган адистер кыргыз балын Европа өлкөлөрүнө 2,5 евродон сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышат. (MiK)

Дагы караңыз

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтоттуБайтереков: Мамлекеттик беш IT-ишкана бириктирилетАктивист Бакай Кашкарбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу маалымат берилдиДССУ Индияга 2 миң кызматкерин жөнөттүБритания "Магнитский ишине" тиешеси бар 14 орусиялыкка санкция салды28-апрелдин аба ырайыТажикстандан табылган жарандар кыйноого кабылганын айтуудаЖапаров: Атамбаевди качан бошотушарын билбейм, аны сот чечет