Кыргыз-өзбек чек арасындагы Гавасай тилкесинде 19 миң 200 гектар жерди Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүүгө негиз бар. Бул тууралуу 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында чек ара маселесине байланыштуу чогулгандар менен жолугушууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтты:
“Биз бул жерди сактап кала турган бир нерсе бар. Колхоздо чечим кабыл алыныптыр, райсовет, облсовет аны бекитип бериптир. Бирок биздин да, өзбектердин да, Союздун да Жогорку Совети аны бекитип берген эмес экен. 19200 гектар жерибизди кайтарып алышыбыз керек. Макул, ошол маалда салыктан кыйналып, турмуштан кыйналып же башка болуп берип жиберген экен, бирок аягына чейин бардык процедурадан өткөн эмес экен да. Аягына чейин жер берилип бүткөн эмес экен да. Ошондуктан булар менен талашып-тартышканга мүмкүнчүлүгүбүз ушул жерден жаралып олтурат. Ушул мүмкүнчүлүктү мен колдон чыгарбайм”.
26-апрелде Көк-Ташта 100-200дөй адам чогулганын, чек ара маселесин чечүүнү талап кылышканын “Азаттык” радиосуна райондук администрациядан кабарлашкан.
Ала-Бука районундагы Гавасай аймагы – Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасынын тактала элек тилкелеринин бири.
Быйыл март айында Ташкентте кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрүн өткөргөндөн кийин УКМК төрагасы маселе аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын жана 100% чечилгенин айткан. Жалал-Абад менен Наманган облустары чектешкен жердеги Гавасай деген тилкеден сегиз миң гектар жер Кыргызстанга өткөнү маалым болгон.
Президент Садыр Жапаров чек ара боюнча соңку кадамдар тарыхый мааниге ээ экенин белгилеген.
Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканы быйыл 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев айткан.
Ташкент сүйлөшүүлөрүнөн кийин "Кемпир-Абад "суу сактагычы боюнча маселе жаралып, Өзгөндө жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы өткөн. (TB)
Дагы караңыз
Өкмөттүн үнөмдөө саясаты ITге да жетти Чек ара чырынын эпкини: Баткендин тургуну Орусияда кармалдыТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Аэропорт иши боюнча шектүүнүн апасы президентке кайрылды