Тышкы иштер министрлигинин алдында чогулган он чакты адам “Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Эсен баатыр, чек арачы” деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушат.
“Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бул ишке көңүл буруп, расмий билдирүү жасашы керек. Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылганга жол берилбеши абзел. Андай болсо Мажитовду Кыргызстанга кайтаруу кыйын болуп калат”, - деди чогулгандардын бири.
Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы" себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган.
Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирди. Маалыматка ылайык, Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген. (MiK)
Дагы караңыз
Аэропорт иши боюнча шектүүнүн апасы президентке кайрылдыТүркияда коронавируска байланыштуу локдаун жарыяландыЧернобыль кырсыгы боюнча КГБнын жашыруун документтери жарыяландыАКШ: сенаторлор Путинге жакын олигархтарды "кара тизмеге" киргизүүнү сунушташтыЖапаров: Чек ара маселеси мындан ары ачык чечилет Ишкер аялдардын колунан чыккан өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү өтөтБишкекте 14 мектеп аралыктан окууга өттү