Бишкекте 14 мектеп аралыктан окууга өттү

Бишкектеги мектептердин бири

Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыктан, 26-апрелден тарта 14 мектеп аралыктан окууга өттү.

26-апрелден тарта шаардагы 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61-мектептердин жогорку класстары толугу менен карантинге алынып, онлайн окуу режимине өтүштү. №12, 112-балдар бакчалары карантинге жабылды.

Бишкектеги 24 мектептин окуучу жана мугалимдеринен COVID-19 вирусу аныкталды.

Мектептерди толугу менен онлайн режимде окутууга өткөрүү тууралуу чечимди Шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы чечет.

26-апрелде баш калаада бир сутка ичинде 138 адамга коронавирус жукканы аныкталган. Өлкө боюнча төрт киши каза тапты. (BCh)

Дагы караңыз

Президент Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойтНавальныйдын тарапташы Любовь Соболго 300 миң рубль айып салындыӨзгөн: Жыйындан кубалап кетиришкен журналисттин окуясы териштирилүүдөТажикстан: Ооганстандан 90 кг алтын жана 15 млн. доллар алып өткөн аткезчи топ соттолду