Украинанын Коопсуздук кызматынын Мамлекеттик архиви 1986-жылы 26-апрелде болгон Чернобыль атомдук-электр станциясындагы кыйроо жана анын кесепеттеринин масштабы тууралуу жашыруун документтерди ачыкка чыгарды.
КГБнын жарыяланган документтеринин арасында атомдук-электр станциясынын директору Виктор Брюхановдун жарылуу тууралуу алгачкы баяндамасы камтылган. Архивдик материалдарда АЭСте авариялар мурда эле болгону жана соңку ири атомдук кыйроого алып келчү жагдайлар өз учурунда жоюлбаганы тууралуу маалыматтар камтылган.
Документте 1982-жылы биринчи энергоблоктон бир топ радиоактивдүү заттар чыкканы көрсөтүлгөн. КГБнын бул окуя тууралуу баяндамасы «чагымчыл жана дүрбөлөңгө салчу имиштерге жол бербөө үчүн чара көрүлдү» деген фраза менен аяктайт.
Чернобылдагы үчүнчү жана төртүнчү блоктордо 1984-жылы дагы бир нече авариялык кырдаал түзүлгөнү белгиленген.
Аталган документтерге ылайык, 1983-жылы Москвадагы жетекчилик каражаттын жетишсиздигинен улам Чернобыль атомдук-электр станциясынын коопсуздугу коркунучта экени тууралуу маалымат алганы белгиленген.
1986-жылы эң ири жана эң коркунучтуу авариянын чоо-жайын камтыган маалыматтарды жашыруу боюнча директива чыккан.
Чернобыль атомдук-электр станциясындагы төртүнчү реактордогу жарылуу болгон күнү эле 30 чакты адам каза болгон. Андан кийин бул атомдук жарылуунун кесепеттеринен жана аны жоюуга тартылган куткаруучулардын арасынан миңдеген адамдар каза болгон.
АЭСтен 30 чакырым алыстыктагы аралык ушул күнгө чейин адам жашабаган аймак болуп саналат.
Дагы караңыз
АКШ: сенаторлор Путинге жакын олигархтарды "кара тизмеге" киргизүүнү сунушташтыЖапаров: Чек ара маселеси мындан ары ачык чечилет Ишкер аялдардын колунан чыккан өндүрүмдөрдүн көргөзмөсү өтөтБишкекте 14 мектеп аралыктан окууга өттү Мэрия жол кирени көтөрүү маселесин коомдук талкууга койду