"Кыргызстан экологияны жакшыртууга салым кошкусу келет"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан сунуштаган экологиялык резолюцияны колдоп берди. Бул демилгеде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу зарылдыгы камтылган. Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка жаратылышты коргоо жаатында кандай демилгени сунуштап жатат? Бул суроонун тегерегинде Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева “Азаттыкка” маек курду.