Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун 26-апрелде башталган Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына онлайн форматында катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы сессияда сөз сүйлөп, пандемиядан улам келип чыккан оор экономикалык кырдаал, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү программасындагы Кыргызстандын орду тууралуу айтты.
Жапаров Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө катары экономикалык колдоого муктаж экенин белгиледи.
“Кыргызстандын деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкө. Бул жагдай тышкы соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүбүздү кыйла кыйындатат. Ошондуктан биз БУУ Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы аркылуу Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосун кубаттайбыз”, - деди Жапаров.
Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышууда.
77-сессия 26-апрелде башталып, үч күнгө созулат. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланып жатат. (BCh)
Дагы караңыз
Байтерек: Жапаровдун жеке баракчаcы "Фейсбукта" жана "Инстаграмда" гана бар Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздарга жарандык берилдиЧек ара чырына айыпталган баткендик Орусияда камакка алындыCOVID-19: Европа жана АКШ Индияга кол сундуӨзгөн: Жыйындан кубалап кетиришкен журналисттин окуясы териштирилүүдө