Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, видеоконференция форматында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан региону үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясына катышты.
Анда Жапаров БУУнун алдында региондогу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн чечимдерди иштеп чыгуу милдети турарын белгиледи. Ал Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске салып, уюмдун Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасы аркылуу Азия жана Тынч океан чөлкөмүн аталган комиссиясынын колдоосун кубаттарын айтты.
“Кыргызстан Тынч, Индия жана Атлантика океандарынын бекеттерине чыгууга муктаж. Ага жараша Кыргызстан өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз инвестиция жана соода саясатын өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Биздин башкы максат - бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоону камсыздоо”, - деди Жапаров.
Ошондой эле талкууда Кыргызстан пандемия шартында жаңы тоскоолдуктарды жаратпай, тескерисинче, соода тармагын өнүктүрүп, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында жигердүү кызматташуу зарылдыгы айтылды.
Дагы караңыз
COVID-19: Индияда бир суткада 2600 киши көз жумду"Эйр Манас" жаңы учак сатып алдыCOVID-19: Кыргызстандыктар үч вакцинанын бирин тандай алышатКыргызстанда Sinopharm менен эмдөө бардык аймактарда башталдыДСУ: Уу коргошун менен COVID-19ду дарылоо боюнча эч документ жок Новиков "кара тизме" жөнүндө көбүрөк түшүндүрүүнү тапшырды Жогорку сот коргоо министри Өмүралиевди актады