Профессор Аскар Какеев дүйнө салды

Аскар Какеев (ортодо). Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, мурдагы билим берүү, илим жана маданият министри Аскар Какеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте 27-апрелде өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 26-апрелде маркумдун жакындары кабарлашты.

Какеев 25-апрелде 85 жашында оорудан улам каза болду. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери Аскар Какеев 1935-жылдын 10-декабрында Чүйдүн Кегети айлында туулган.

1992-1993-жылдары ал мамлекеттик катчы, 1993-1998-жылдары билим берүү, илим жана маданият министри, 2000-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп иштеген, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин философия кафедрасын жетектеген. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору болгон. (RK)

Дагы караңыз

Талант Мамытов БУУнун туруктуу өкүлүнөн жардам сурадыНовиков "кара тизме" жөнүндө көбүрөк түшүндүрүүнү тапшырды “C5+1” форматындагы жолугушуу болуп өттү"Шамбала" тасмасы "Ника" киноакадемиясынын сыйлыгын алды