АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 23-апрелде Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен “С5+1” форматындагы онлайн жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Онлайн жыйында Блинкен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын быйылкы эгемендигинин 30 жылдыгы, “С5+1” аттуу кызматташтык платформасынын түзүлгөнүнө беш жыл толушу менен куттуктады.
Анда Казакбаев коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан экономикалык оор кырдаал, климаттын өзгөрүүсү, жаратылышты коргоо тууралуу маселелерди козгоп, 2022-жылды “Эл аралык тоо жылы” деп жарыялоо сунушун Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ)берерин айтты.
Жолугушууда Ооганстандагы тынчтыкты орнотуу, климаттык өзгөрүү, COVID-19 менен күрөшүүдө вакцинанын адилет бөлүштүрүлүшү, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кыз-келиндеринин илимдеги орду талкууланды.
“С5+1” форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиядагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү максатында түзүлгөн. (BCh)
Дагы караңыз
Ташиев: Кыргызстан "Кемпир-Абадды" Өзбекстанга өткөрүп бербейтCOVID-19: Индияда бир суткада 2600 киши көз жумдуПутин менен Байден июнда жолугушуусу мүмкүнБали: суу алдында жүрүүчү кеменин калдыктары табылдыИракта ооруканадагы өрт 80ден көп адамдын өмүрүн алды