Индияда 24-апрелде коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетип, 346 миң адамдан ашты. Бул илдеттен 2 624 бейтап көз жумду. Ошентип 1,3 миллиард калкы бар Индия каза болгондордун жалпы санынан улам АКШ, Бразилия жана Мексикадан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты.
Ооруканаларда орун, кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Мындан улам АКШ жардам берерин билдирди.
"Биз COVID-19 күч алып жатканда кыйналып жаткан Индия эли үчүн чын жүрөгүбүздөн санаа болуп жатабыз. Биз Индия өкмөтүндөгү өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуудабыз жана тез аралыкта Индия элине жана саламаттык сактоо системасынын баатырларына кошумча жардам жөнөтөбүз",-деп жазды АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Твиттерге".
Пакистандагы белгилүү кайрымдуулук фонддордун бири-Эдхи фонду дагы колдоо көрсөтөрүн маалымдады.
Соңку кырдаалдан улам бир катар мамлекеттер, анын ичинде Иран дагы Индия менен Пакистанга авиакаттамдарын чектеди.