Иракта ооруканадагы өрт 80ден көп адамдын өмүрүн алды

Багдаддагы өрт тутанган оорукана.

Ирактын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Багдаддагы COVID-19га чалдыккандарды дарылаган оорукананы каптаган өрт 82 адамдын өмүрүн алды. 110дон көп киши жарадар болду.

25-апрелдин таңында Ибн аль-Хатиба ооруканасында тилсиз жоонун тутанышына кычкылтек баллондун жарылышы себеп болгон.

Министрликтин маалымат катчысы Саад Маан INA маалымат агенттигинин айтымында, кырсыктын себептерин иликтөө иштери уланууда.

Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Али аль-Баяти "Твиттерге" жазгандай, каза болгондордун отузга чукулу жасалма дем алдыруучу апараттына кошулган болчу.

Өкмөт башчы Мустафа аль-Кадхем "баардыгы шаалакылыктын айынан шейит кетишти. Биз эч нерсе кылбасак, эртең башкалар өлөт", деп билдирди.

Ирак өкмөтү кырсыктан улам үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.

Дагы караңыз

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кеттиОрусия чет элдик кемелер үчүн Кара деңиздеги үч районду жапты Анкара Байдендин "геноцид" тууралуу билдирүүсүн четке какты