Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 261 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Жесика Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду. Турнир 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өттү.
Эки раундга созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөтүп, экинчи раундда атаандашы Жесиканы жерге жыгып, катар-катар сокку уруп жатканда калыстар беттешти токтотту. Техникалык нокаут менен жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.
Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери беш жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат.
Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбоксингдин К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.
Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.(GT)
Дагы караңыз
"Феминист" деген ким?COVID-19: төрт бейтап каза таап, оору 228 кишиден табылды Байден "армян геноцидин" тааныдыПаспорт кризиси: чектөө алынды, көйгөй калдыТашиев Өзгөндүн тургундарына жолугат