Байден Дональд Луну Мамкатчынын жардамчысы кызматына сунуштайт

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.

АКШнын президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кылып дайындоо ниетин билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 24-апрелде бул билдирүүнү сыймыктануу менен кабыл алганын жарыялады.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү, Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары, Бутан кирет.

Элчилик Дональд Лу жаңы кызматта кыргыз-америка мамилесин тереңдетүү боюнча ишин улантат деген кубанычын билдирди.

Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылдын 18-сентябрында дайындалган. (NT)

Дагы караңыз

Мамакеев элди вакцина алууга чакырдыКоронавирус беш бейтаптын өмүрүн алды, 325 кишиден аныкталдыБААУнун президенти Эндрю Качинс ИИМде сурак берип чыктыБаткен: Тажикстан менен чектеш аймакта жоголгон эки жигит изделүүдө