Жер ортолук деңизде 130дай мигрант түшкөн кайык чөгүп кетти.
Окуя деңиздин Ливияга караштуу жээгинде болгон. "SOS Méditerranée" деп аталган гуманитардык уюм издөө жүргүзүп, аман калгандарды таппаганын жарыялады.
Буга чейин Триполинин түндүк-чыгышында онго жакын адамдын сөөгү табылганы жарыяланган. Азыркы учурга чейин 40тай адам дайынсыз болуп жатат.
Ушуну менен акыркы аптада мигранттар түшкөн экинчи кайык чөгүп кетти. Өткөн аптада Жер ортолук деңиздин Туниске жакын жээгинде кайык оодарылып, кеминде 41 адам набыт болгон.
БУУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 350дөн ашык мигрант Жер ортолук деңизге чөгүп каза болгон.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө өспүрүмдүн кош бойлуу болуп калышына 16 жаштагы жигит шек саналуудаӨКМ: Таласта сууга чөккөн наристе табылган жокГүлзат Аалиева "Фейсбук" колдонбоо шарты менен үй камагына чыктыСадыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну Казакстан менен Орусия дагы колдоду