Таласта 10 күндөн бери дайыны табылбай жаткан эки жаштагы наристени издөө иштери токтотулду.
Бул тууралуу "Азаттык" радио Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда 12-апрелде Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын эки жаштагы тургуну Талас дарыясына түшүп кетти деген маалымат тараган.
Он күн ичинде куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте 35 чакырым алыстыкта издөө иши жүрүп, жыйынтык чыккан эмес. Ата-энесинин тил катынын негизинде наристени издөө иштери токтотулду. (MKt)
Дагы караңыз
Гүлзат Аалиева "Фейсбук" колдонбоо шарты менен үй камагына чыктыЫсык-Көлдө өспүрүмдүн кош бойлуу болуп калышына 16 жаштагы жигит шек саналуудаСадыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну Казакстан менен Орусия дагы колдоду