Президенти Садыр Жапаров 23-апрелде, Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы мүчөлөрү менен жолукту.
Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, анда Жапаров 30 жылдан бери соттук-укуктук реформалардан майнап чыкпаганын айтып, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдети болгон мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү толук аткарбай келгенине токтолгон.
"Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздугуна залал келтирбей койбойт", - деп айткан Жапаров.
Ошондой эле сот тутумунун ишине таасир эткен негизги факторлордун бири - бул сотторду тандоо процесси болуп жатканы белгилеген.
Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жүргүзөт. Кеңеш түзүлгөнгө чейин бул функцияны аткаруу Судьяларды тандоо кеңеши аткарып турат.
Дагы караңыз
“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну Казакстан менен Орусия дагы колдоду"Кемпир-Абад": мөөнөтсүз акцияга бийлик өкүлдөрү чакырылды Баткенде салттуу музыка жумалыгы башталдыЧүй: аялын тирүүлөй көмүүгө аракет кылган адам милицияга сурак бердиӨзгөндө атасы зордуктаган кыз тууралуу милицияга арыз түштүГүлзат Аалиева "Фейсбук" колдонбоо шарты менен үй камагына чыкты