“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу демилгесине Өзбекстандан сырткары Казакстан менен Орусия дагы кошулду. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай маалыматты энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев “Азаттыкка”курган маегинде билдирди.
“Мына азыр Казакстан өз жүйөсүн айтып, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга биз да кошулабыз дегендей кылды. Орусиядагы өнөктөштөр менен да сүйлөшүп жатабыз. Алар каржы-экономикалык модель жакшы иштесе кошулабыз деп жатышат. Биз коңшулаш мамлекеттерди чакырып, баарыбызга керектүү станцияны чогуу куралы деген максатты коюп жатабыз. Учурда бул долбоорго эң көп кадам таштаган Өзбекстан болду. Казакстан жаңыдан кошулганы жатат. Орусиядан болсо адистер келген. Алар менен кеңешүү иштери жүрүп жатат”, - деди министр.
Кыргызстан өткөн айдын этегинде «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун Ташкент менен биргеликте кура турганын жар салган. Ага кеминде эки миллиард долларг коройт деп болжолдонгон.
1980-жылдары долбоору даярдалган «Камбар-Ата-1» ГЭСинин кубаттуулугу 1900 мегаватт болот деп айтылган.
Кыргызстан эгемен алгандан бери аталган ГЭСти курууга Орусия, Иран жана Кытай менен макулдашуулар болгону айтылганы менен аягына чыккан эмес. (MiK)
Дагы караңыз
Баткенде салттуу музыка жумалыгы башталдыЧүй: аялын тирүүлөй көмүүгө аракет кылган адам милицияга сурак бердиӨзгөндө атасы зордуктаган кыз тууралуу милицияга арыз түштүГүлзат Аалиева "Фейсбук" колдонбоо шарты менен үй камагына чыктыОрусия аннексияланган Крымдан аскерлерин чыгара баштадыМатраимовдор үч медиага каршы доосунан баш тартышты"Кемпир-Абад": мөөнөтсүз акцияга бийлик өкүлдөрү чакырылды Климаттын өзгөрүшү: 40тан ашык өлкөнүн лидерлери саммитке чогулду