Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 276сына вакцинанын экинчи дозасы сайылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.
Эмдөөнүн аймактык көрсөткүчү:
Ош облусунда - 4463 киши;
Жалал-Абад облусунда - 2265;
Чүй облусунда - 1627;
Бишкек шаарында -1567;
Ош шаарында - 1385;
Ысык-Көл облусунда - 1201;
Баткен облусунда - 781;
Нарын облусунда - 638;
Талас облусунда - 534.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.
Кыргыз өкмөтү 22-апрелде Орусиядан да "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясында 20 миң доза алып келди. Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келери маалымдалган. (SE)
Дагы караңыз
Соңку бир суткада коронавирустан жети адам каза болду Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталатАйдоочуларды нааразы кылган «Яндекстин» ишиCOVID-19: Индиядагы апаатЕвропада жарнамага тартылган кыргыз кыздары Болот Миңжылкиев менен Питерден таанышкан күн