Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы жети адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда.
Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашкандай, 23-апрелге карата дагы 272 адамдан бул оору аныкталды. Алардын теңинен көбү борбор калаада.
Мурда ооругандардан 163 киши сакайды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717и айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.
Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. 23-апрелге карата 14 861 адам эмделди.
Бир күн мурун "Спутник V" вакцинасынын 20 мин дозасы келген. Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин маалымдаган. (SE)
Дагы караңыз
Электр баасы: бийлик ким канча төлөрүн аныктадыШайлоо: БШКга доомат жана талап"Азаттык" тажрыйбалуу веб-редактор издейтКыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталатМуфтият: Кадыр түн 9-майда белгиленет