Быйыл Кадыр түн 9-майга караган түнү болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Орозо айт качан болорун Аалымдар кеңеши аныктайт. Майрам айдын чыгышына жараша Рамазан айынын акыркы күндөрү так айтылат.
Быйылкы Орозо айы 13-апрелде башталган. Кадыр түн орозонун 27-түнүндө тосулат.
Бул түнү ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат. (NT)
Дагы караңыз
Сот Гүлзат Аалиеванын бөгөт чарасын карайтЕККУ жыйынында Кыргызстандын Баш мыйзамы талкууландыКыргызстанда «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталат АКШ Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөтЧехия орус дипломаттарынын санын чектейт