Чехия орус дипломаттарынын санына чек койду

Тышкы иштер министри Якуб Кулханек. 22-апрель, 2021-жыл.

Чех өкмөтү Орусиянын Прагадагы элчилигинин кызматкерлеринин санын кыскартып, Москвадагы чех элчилигинин минималдуу азайтылган санына теңдей турганын жарыялады.

Өткөн жумада Чехиянын ок-дары сактаган кампасындагы 2014-жылдагы жарылууга орус тыңчыларынын катышы болгону тууралуу маалымат чыккандан бери эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык чатак күчөп, чыңалуу курчуду.

Чехиянын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Якуб Кулханек Москвадагы чех элчилигинин иши калыбына келбесе, анда ал токтоосуз түрдө чара көрүп, Прагадагы орус элчилигинин 60 кызматкери толугу менен өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган болчу.

Буга чейин Москвадагы чех дипломаттарынын кызматына кайтып келишине уруксат берүү тууралуу 22-апрелде түшкү саат 12-00гө чейин белгиленген Праганын талабы четке кагылды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “ультиматум кабыл алынбайт” деген кыска жооп кайтарды.

Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулханек:

Биз эгемен өлкө катары Врбетицедеги жарылууга тиешеси бар орус элчилигиндеги чалгынга иштеген кызматкерлерди гана чыгаруу чарасын көрдүк. Бирок Москва биздин 20 дипломатты чыгаруу менен жооп кайтарды. Бизде аз штат болгондуктан Москвадагы элчилик толук иштей албай калганына байланыштуу биз Москвага нааразылык билдирдик”, - деп айтты.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылдагы аскердик кампаны жарылууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын катышы бар деген негизде 19-апрелде 18 орус дипломатын Чехиядан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга жооп кайтарып Москва Чехиянын 20 дипломатын “нон-грант персонасы” деп жарыялап, алардын Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылды.