Ысык-Атадан 80дей койду уурдоого шектүү киши кармалды

Кармалган жаран.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунан көп сандагы малды уурдоого шектелген жаран Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Атанын Ново-Покровка айылынын 58 жаштагы жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, малчысы көп сандагы малын уурдап, из жашырып кеткенин билдирген.

Факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Тергөөдө аныкталгандай, кылмышка шектүү малчы Ысык-Атадагы Чоң-Далы айылы тараптагы сарайлардын биринде кой багып жүргөн. 13-мартта ээси малынан кабар алганы барып, жандыгын санаган учурда 78 баш кой жок болуп чыккан.

Кылмышка шектүү жаран 28 жашта, ал койлорду сатып жибергенин мойнуна алган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы беш алдымчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Ал айыл тургундарынын ишенимине кирип, бодо малдарды сатып берүү үчүн алып ошол боюнча из жашырып кеткени аныкталган. (ErN)