"Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен Ксения Барабаш кармалды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 22-апрелде бул маалыматты "Азаттыкка" тастыктап, кошумча маалыматтар кийин берилерин билдирди. Ушул күнү сот анын бөгөт чарасын карайт.
Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов Барабаш 19-апрелде кармалганын "Твиттерге" жазды.
Позавчера задержали Ксению Барабаш. Видимо решили, что только так смогут получить нужные и выгодные им сведения/показания. Ксения – одна из самых честных, порядочных и искренних людей, которых я знаю. Надеюсь, сегодня суд примет решение об освобождении Ксении. https://t.co/xssOwuPsiq
— Kadyr Toktogulov (@KadyrToktogulov) April 22, 2021
Барабаш жарандык авиация тармагында иштегени, түркиялык "Gata havayollarive taşimacilik a.ş" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп келгени айтылууда.
Буга чейин аталган түрк компаниясына эл аралык жүк ташууда мыйзамсыз жеңилдик берилгени, мындан улам "Манас" аэропорту 139 598 681 сом кирешеден кол жууп калганы кабарланган.
Башкы прокуратура февралда аэропорт башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуевди, аэропорттун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиевди, «Манас Менеджмент Компанинин» мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалганын билдирген.
Ушул эле иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата кошумча дагы бир кылмыш иш козгогонун кабарланган.
«Gata havayollari ve tasimacilik» компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу тараткан. (SE)