Жогорку Кеңеш 21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2020-жылдагы иш тууралуу отчетун угуп, аны канаттандыраарлык деп тапты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Былтыркы жылда аткарылган иштер тууралуу эки күн бою Зулушев баяндама жасап, депутаттардын резонанс жараткан иштер, мыйзамдуулук боюнча суроолоруна жооп берди.
Депутаттар аткезчиликке бөгөт коюу, коррупцияга каршы күрөшүү, саясий куугунтукка жол бербөө, республикада мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышы боюнча маселелерди көтөрүштү.
Жыйынтыгында баш прокурордун бул кызматка былтыр жыл соңунда келгенин жана айтылган сунуштарды эске алуу менен баяндама көпчүлүк добуш менен колдоого алынды.
Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, экс-депутат Курманкул Зулушев өткөн жылдын октябрындагы бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. (NT)
Дагы караңыз
Казакстан: Жаңы-Өзөндө мунайчылар иш таштадыПрезидент электр энергиясындагы 700 КВт чектөөнү жоюуну жана тарифти өзгөртүүнү сунуштадыБишкекте Алексей Навальныйды колдогон пикет болдуӨкмөт: "Спутник V" вакцинасы жакын арада келетМыйзамсыз баюуга байланыштуу 23 кылмыш иши иликтенүүдө