Өкмөт: "Спутник V" вакцинасы жакын арада келет

Орусиядан чыккан "Спутник V" вакцинасы.

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жакын арада жеткирип баштайт.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-апрелде Москвада биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуп, вакцина тууралуу макулдашты.

Новиков Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын расмий каттаганын, аны эмдөө программасына киргизүүгө жана колдонууга даяр экенин айтты.

Орус тарап жакын арада вакцинаны жеткирип баштай турганын убада кылган. Бирок анын так мөөнөтү кабарланган жок.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус тездик менен жайылып, вирус жугузуп алган жана андан каза болгондор көбөйүп жатат.

Пандемия башталган бир жыл ичинде оору 92 626 адамга жугуп, анын 87 390у айыкты. 1561 бейтап каза болду.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган.

Бийлик Австриянын "AstraZeneca" вакцинасы да келерин, Орусиядан "Спутник V" вакцинасын алууну пландап жатканын жарыялаган.

Кытайлык вакцинага каршы чыккандар, андан баш тарткандар да бар. 21-апрелге карата "SinoPharm" менен 12 миңден ашуун адам эмделгени расмий кабарланды. (NT)

Дагы караңыз

Мыйзамсыз баюуга байланыштуу 23 кылмыш иши иликтенүүдөУу коргошундан кийин реанимацияга түшкөн бейтаптарНавальныйдын басма сөз катчысы менен фонддун юристи кармалдыПрезидент электр энергиясындагы 700 КВт чектөөнү жоюуну жана тарифти өзгөртүүнү сунуштадыХельсинки комитети Кыргызстанда жаңыланган Конституцияга камтамачылык билдирди