Мыйзамсыз баюуга байланыштуу 23 кылмыш иши иликтенүүдө

Иллюстрация.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз баюу боюнча 23 кылмыш ишин иликтеп жатат.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин 21-апрелдеги сессиясында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Бакыт Төрөбаев жыйында мындай кылмыштан канча акча топтолгонун сурап, мыйзамсыз байыгандарды иликтөөнү улантууга чакырды.

УКМК өкүлү Сагын Самидин уулу так сумманы айтуу кыйын деп жооп берди.

Зулушев 23 кылмыш ишинин баарын УКМКнын Тергөө башкармалыгы иликтеп жатканын айтты:

"Негизинен күнөөсү далилдеген, кылмыш иш боюнча аныкталган материалдык зыян боюнча бизде материал бар. Бир иш боюнча Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнга алуу менен 2 миллиард сом төлөгөн. А башка иштер боюнча УКМК жооп берет», - деди Зулушев.

Буга чейин бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен айыпталып кармалган.

Алардын бир тобу мамлекетке келтирилген зыянды төлөдү деген негизде үй камагына чыгарылып же тил кат менен бошотулган. (NT)

Дагы караңыз

Навальныйдын басма сөз катчысы менен фонддун юристи кармалдыПрезидент электр энергиясындагы 700 КВт чектөөнү жоюуну жана тарифти өзгөртүүнү сунуштадыХельсинки комитети Кыргызстанда жаңыланган Конституцияга камтамачылык билдирди Бишкекте Алексей Навальныйды колдогон пикет болду