Хельсинки комитети Кыргызстанда жаңыланган Конституцияга камтамачылык билдирди

АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын төрагасы сенатор Бен Кардин, комиссиянын башчылары сенатор Роджер Уикер жана Жо Уилсон Кыргызстанда кабыл алынган жаңы Конституцияга байланыштуу билдирүү жасашты.

«Биз бул жаңы Конституция Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Кыргызстанды бийлик президенттин колуна топтолгон, парламенттин ролу төмөндөгөн авторитардык башкарууга алып келет деп тынчсызданабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кайрылууда кыргыз элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына жана коомдук аң-сезимине артыкчылык берген бүдөмүк жоболор адам укугун, анын ичинде сөз эркиндигин чектөө үчүн колдонулушу мүмкүндүгү белгиленген.

Комиссия Кыргызстандын өкмөтүн көзкарандысыз маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун укуктарынын сакталышын камсыз кылууга чакырат.

Кыргызстанда бийликти бир колго топтогон Баш мыйзам бир катар талаш-тартыштар менен референдум аркылуу 11-апрелде кабыл алынды. (SE)