Навальныйды кароого барган дарыгерлер тобу палатага киргизилген жок

Орусия. Владимир облусундагы №3 түзөтүү колниясы. Алексей Навальный мына ушул колониянын ооруканасына которулду.

Орусиядагы оппозициялык лидер Алексей Навальный жаткан абактын ооруканасына анын саламаттыгынан кабар алганы барган дарыгерлер тобу киргизилген эмес.

Навальныйдын жеке врачы жана дарыгерлер кошуунунун башчысы Анастасия Васильева медиктер тобу колонияга барып, Навальныйды медициналык кароодон өткөрүү үчүн аны менен кездешүүгө уруксат сурап, бирок абак жетекчилиги бир нече саат күттүрүп, аягында ал өтүнүчтөн баш тартканын билдирди:

“Биз бейтапты көрүү өтүнүчү менен телефон чалганыбызда бизге ал жактан паспортторуңар менен эртең мененки саат 8ге келип калгыла дешкен. Бирок биз келгенде күттүрүп коюп, анан жыйынтыгында бизди коё беришпеди”, – деп жазды "Твиттерге" врач Анастасия Васильева.

Путиндин башкы сынчысы Алексей Навальныйдын саламаттыгы соңку мезгилде начарлап, жүрөк оорусу кармап калуу коркунучу бар экени айтылган. Өткөн жумада Навальный абактын камерасынан башка колониядагы ооруканага которулган.

Навальный февраль айынын башынан бери Покров шаарында абакта отурган. Сот аны сегиз жыл мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Навальныйды коргоо штабы өткөн жекшембиде 21-апрелден тартып анын боштондугун талап кылган каршылык акциялары Орусиянын ири шаарларында башталарын жарыя кылды.

Дагы караңыз

COVID-19: Бишкекте шаар күнү жана Жеңиш майрамы белгиленбейтАйеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири бошотулдуТогуз партиянын өкүлдөрү "Ата-Журт Кыргызстанга" каршы чыгыштыОрусия эки болгар дипломатын өлкөдөн чыгарат Кыргызстанга көчүп келгендер жана журт которгондор азайды