COVID-19: Бишкекте шаар күнү жана Жеңиш майрамы белгиленбейт

Бишкектеги Ала-Тоо аянты.

Коронавирус менен ооругандар көбөйө баштагандыктан, Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеңиш майрамына карата салтанаттуу ири иш-чаралар өткөрүлбөйт. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын 20-апрелдеги отурумунда ушундай чечим кабыл алынды.

29-апрель - Бишкек шаарынын күнү, 9-май - Жеңиш майрамы.

Борбор калаада COVID-19 илдетин жуктургандар көп болгондуктан, "кызыл зона" деп жарыяланган.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарынын тургундары басымдуулук кылууда. Мэрия шаардыктардан санитардык эрежелерди сактоону, коомдук жайларга барбоону суранат.

Бир жыл ичинде республика боюнча 92 миңден ашуун адам илдетти жуктуруп алды. Анын 32 649у Бишкекте (20-марттагы маалымат).

Өлкөдө ооруга чалдыккандардын 87 229у айыгып, 1557 бейтап көз жумду. (SE)

Дагы караңыз

Пандемия адам укуктарын чектеди“Ак Мөөр” сахнага кайтып келди«Уу коргошун бир дагы вирусту өлтүрө албайт» RSF: пандемияда басма сөз эркиндигинин абалы начарладыСуперлига: УЕФА менен бай командалардын тирешиCOVID-19: оору дагы 225 адамдан аныкталды, эки бейтап көз жумду