RSF: пандемияда басма сөз эркиндигинин абалы начарлады

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Чыгыш Европа менен Борбор Азиядагы мамлекеттер басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк рейтингинде акыркы орундарды ээледи. Мунун башкы себеби катары коронавирус пандемиясы маалындагы чектөөлөр, Беларустагы каршылык акцияларын ачык жазгандарды куугунтуктоо, кеминде жети кабарчы каза тапкан Тоолуу Карабактагы согушту чагылдыруудагы тоскоолдуктар жана журналисттерге кол салуулар аталды.

Уюмдун эксперттеринин баамында, коронавирус пандемиясы дүйнөдө медиага карата катаал тенденцияны күчөткөн. Баяндамага ылайык, 73 мамлекеттеги 180 көз карандысыз медианын ишмердигине бөгөт коюлган. Маалымат каражаттары 60тай өлкөдө кыйынчылык менен иштеген. Бир топ мамлекетте "COVID-19дун жайылышына байланыштуу" деген шылтоо менен журналисттердин иштөөсүнө чек коюлган.

Европада журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө деп Беларус аталды. Ал “Чек арасыз кабарчылардын” рейтингинде бир жылда беш сапка ылдый түшүп, 180 өлкөнүн ичинен 158-орунга төмөндөдү.

Жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Александр Лукашенконун режими зомбулук менен куугунтуктун жардамы аркылуу өлкөдөгү кырдаалды көз карандысыз чагылдырууга катаал тоскоолдук жасаганы көрсөтүлдү. Уюм 2020-жылы Беларуста 400дөн ашуун журналист кармалып, бир тобу камалганын жазган. Алардын көпчүлүгү камакта зомбулукка жана кемсинтүүгө дуушар болгону белгиленди.

Украинада журналисттерге кол салуунун 170 учуру катталган. Рейтинг боюнча бул өлкө бир сапка ылдый түшүп, 97-орунда турат.

Орусия интернеттин эң башкы душманы катары таанылды. Ал дүйнөлүк рейтингде былтыркыдан бир позицияга ылдыйлап, 180 өлкөнүн ичинен 150-орунга түштү. Буга өлкөдө медианын эркиндигин чектеген бир топ мыйзамдардын кабыл алынышы негиз болду. Орусияда басымга чыдабай журналист өз өмүрүнө кол салган учур болгону да баяндамада мисалга алынган.

Германияда дагы ММКнын эркиндиги боюнча абал начарлаган. Бул өлкө сөз эркиндигинин абалына карап дүйнөлүк рейтингде “жакшы” деген позициядан “канааттандырарлык” деген сапка түшкөн. Анткени Германияда 2019-жылы журналисттерге 13 кол салуу болсо, былтыр 65ке жетип, бул көрсөткүч беш эсе өскөн. Кол салуулар адатта коронавируска каршы чектөөлөрдү алып салууну талап кылган акциялар учурунда болгон.

Италия менен Францияда дагы журналисттерге кол салуулар болуп, алардын ишмердиги чектелген учурлар катталган.

Норвегия дүйнө жүзүндө беш жылдан бери прессанын эркиндигине карап биринчи орунда келатат. Финляндия болсо экинчи орунду берген эмес. Швеция менен Дания 3-4 саптарды ээлеп, былтыркы орундарын алмашкан.

Борбор Азияда аймагында Кыргызстан 79-сапта турса, Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму жыл сайын 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялайт.