Боршайкомдун доосу, НДПКнын жүйөсү

Шайлоо күнү тартылган сүрөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын добуш сатып алууга айыптап шайлоодон четтетти. Бирок аталган партиянын мүчөлөрү бул чечимге макул эместигин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жана сотко кайрыларын билдиришүүдө.

НДПК партиясын шайлоодон четтетүүгө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) жана милициянын "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов чечим 18-апрелде кабыл алынганын айтты.

“Бул партиянын атына эки материал келип түшкөн. Анын бири - НДПКнын талапкери шайлоо штабында акча таратып жатканы тууралуу тасма. Муну талапкер “200-300 миң сомду өзүмдүн чөнтөгүмдөн чыгарып бердим” деп тастыктаган. Натыйжада бул акча сөз болуп жаткан партиянын шайлоо фондунан бөлүнбөгөнү аныкталды. Мыйзам боюнча партиянын бардык чыгымдары шайлоо фондунан төлөнүшү керек. Ошондой эле Бишкектеги Биринчи май райондук милициясы 11-апрель шайлоо күнү НДПК партиясынын талапкерин добуш сатып алуу фактысын менен кармаган”.

11-апрелде Бишкектеги №1208 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу аракети болгонун тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда А. аттуу жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген.

Милиция бул фактыга байланыштуу Жоруктар кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан "Равон" үлгүсүндөгү автоунаадан үч жаран "добуш сатып алууга" шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда НДПК партиясынын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю. Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.

Мекеменин басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева буларды айтты:

“Добуш сатып алууга шектелген автоунааны тинтүү учурунда НДПК партиясына тийиштүү календар, брошюралар жана НДПКнын талапкерлеринин сүрөттөрү табылган. Бул факты учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат”.

19-апрелде НДПКнын мүчөлөрү Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Аталган партиянын тизмесин жетектен барган, КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков добуш сатып алуу тууралуу дооматтарды негизсиз деп айтууда.

Илим Карыпбеков.

“Добуш сатып алды деп айтылып жаткан шайлоо тилкеде НДПК 50нүн тегерегинде гана добуш алыптыр. Чындап добуш сатып алса, мындай көрүнүш болмок эмес да. Ошондуктан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз, негизсиз жана акылга сыйбайт деп эсептейбиз. Биз БШКга, сотко кайрылып, мыйзам чегинде күрөшөбүз”.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында БШКга кайрылышы керек.

НДПК Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен 15 миңдей добуш алып маарага үчүнчү болуп келген. Партиянын артында Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов турары айтылып келет. Аны атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

Баштапкы эсептерге ылайык, "Эмгек" шаардыктардын 14% добушуна ээ болгон. Ал эми «Ак-Бата» партиясы 12,3%, НДПК 10,8%, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 9,7% "Ынтымак" партиясы 8,4% жана "Биздин Эл" 7,8% добуш алган.

Бул партияларга куйрук улаш “Реформа” партиясы 6,18 пайыз, “Социал-демократтар” партиясы 5,59 пайыз, “Ыйман Нуру” партиясы 4,67 пайыз добуш алып, шайлоо босогосунан өтпөй калган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими күчүндө калса шаардык кеңешке катышкан партиялардын арасында орун алмашуу болушу мүмкүн.

“Биздин чечимге ылайык, НДПК саясий партиясына берилген добуштар жокко чыгарылган. Буга байланыштуу жалпы берилген добуштардын 7% босого чеги да азайышы мүмкүн. Ошондуктан артта турган партиялардын добуштарын да карап чыгабыз”, - деди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов.

Дагы караңыз Шайлоодогу нааразылык: олигарх партиялар, мыйзам бузуулар

БШКнын маалыматына ылайык, 10-14-апрелде шайлоочулардан, саясий партиялардан жана “Жалпы иш”, “Клооп медиа” уюмдарынан Бишкек боюнча 54 арыз-даттануу түшкөн. Алардын негизинде жети шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Айкөл Кыргызстан», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар», «Патриот» саясий партияларынан келип түшкөн 21 даттанууну териштирип жатат.

Шайлоого 370 байкоочусу көз салган "Жалпы иш" коомдук уюму шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүздөн ашык учур катталганын кабарлаган. Алардын 65и Бишкекте.

БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова чечим бардык партияга бирдей болушу керек деп эсептейт.

“НДПКдан тышкары босого чектен өткөн эки партиянын үстүнөн да арыз түшкөн. Калыстык болуш үчүн алардын да жоопкерчилигин карап чыгуу керек. Бирок Аймактык жана Борбордук шайлоо комиссияларынын чечимин сот күчүндө калтырабы-жокпу бул башка маселе”.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер ат салышты. Утуп чыккан партиялар 4 жыл иштейт.