Чехиянын өкмөтү 2014-жылы Врбетице кыштагында болгон жарылуудагы Орусиянын болжолдуу ролу тууралуу НАТО менен Европа Биримдигине маалымат берилгенин билдирди. Чехиянын тышкы иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан ички иштер министри Ян Гамачек Еврошаркеттин башкы дипломаттары бул маселени 19-апрелде талкуулай турганын "Твиттерге" жазды.
17-апрелде чех премьер-министри Андрей Бабиш Чехиянын коопсуздук кызматтарынын Врбетицедеги жарылууга байланыштуу "анык далилдеринин" негизинде тыңчы деп шектелген орусиялык 18 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынганын жарыялаган.
Дагы караңыз
ГРУ тыңчыларынын Чехиядагы изиМындан тышкары чех полициясы ар кандай паспортторду, анын ичинде Александр Петров менен Руслан Бошировдун ысымдарын алып жүргөн Орусиянын эки тыңчысын издеп жатышканын билдирген. Бул адамдар Британияда Орусиянын мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны "Новичок" уулуу заты менен ууландырууга байланыштуу айыпталган.
АКШ, Британия жана НАТО Орусиянын "кооптуу аракеттерин" ачыкка чыгарган Чехияны колдой турганын билдиришти. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 18-апрелде билдирүү таратып, Чехиянын 2014-жылы болгон жарылууга орус тарапты айыптаганын "акылга сыйгыс" жана "чагым" деп мүнөздөдү. Ошондой эле Москва Чехиянын кадамына жооп берерин эскертти.
Дагы караңыз
Быйыл АКШ Европадан жана Борбор Азиядан 1,5 миң качкынды кабыл алатДарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алдыИИМ: Милиция кызматкерлери митинг учурунда чагым кылган жокДүйнөдө вирустан каза болгондордун саны 3 миллиондон аштыФутбол: Медиа-Лиганын байге ээлери аныкталды