19-апрелде түнкүсүн дээрлик бардык аймактарда жаан жаайт. Тоолордо жаан карга айланат. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан жайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаабайт. Түнкүсүн 7…9°, күндүз 21…23° жылуу болот.