Милиция: Кара-Сууда мугалими сабаган окуучу ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда сабалып ооруканага түшкөн окуучу боюнча иш тергелип жатат. Бул тууралуу 17-апрелде "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 13-апрелде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. 8-класстын окуучусу аймактык ооруканага түшкөн.

Милиция ал окуучу дене тарбия мугалиминин ур-токмогуна кабылганын билдирди:

«Дене тарбия мугалими “Эмне үчүн журналды карайсың?” деп окуучуну эки колу менен кулагынан чоюп, уруп, денесине жараат келтирген».

Бул факт Кара-Суу райондук милициясында Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү ("Ден соолукка жеңил зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейин териштирүү жүрүп жатат.

Айыпталып жаткан мугалим же мектеп администрациясы окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мугалим сабады деген окуя буга чейин Бишкекте да катталып, тергөөнүн жүрүшүн акыйкатчы өз көзөмөлүнө алган. (DU)

Дагы караңыз

COVID-19дан абалы оорлогондор көбөйдүӨзүнө өрт коёрун айткан аялдардын иши өзүм билемдик катары тергелүүдөCOVID-19: Вирус дагы 265 адамдан табылды, эки бейтап каза болдуӨкмөт: Дарыгердин айлыгын көбөйтүү маселеси шартка жараша чечилет