COVID-19дан абалы оорлогондор көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан абалы оорлоп, ооруканага түшкөндөр көбөйүүдө. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын 17-апрелдеги маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 3,3% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат.

Азыр ооруканаларда 1130 бейтап жатат, алардын 26сынын абалы канааттандырарлык.

Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.

287 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен жаткандардын 25,3% түзүүдө. Эки апта мурда бул көрсөткүч 19,8% болчу.

Өтө оор абалдагылар 38 адам. Алар ооруканада жаткандардын 3,3%

Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 92 миңге жетти, алардын 1546сы каза болду. (RK)

Дагы караңыз

Өзүнө өрт коёрун айткан аялдардын иши өзүм билемдик катары тергелүүдөCOVID-19: Вирус дагы 265 адамдан табылды, эки бейтап каза болдуӨкмөт: Дарыгердин айлыгын көбөйтүү маселеси шартка жараша чечилетЖапон өкмөтү Чүйдөгү байыркы эстеликтерди коргоого көмөктөшөт