Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыкка кол койгонун 16-апрелде мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

55 жаштагы Акматов кесиби боюнча экономист. 1991-2000-жылдары Ысык-Көл жана Чүй облустарында ревизор, бухгалтер, инспектор болуп иштеген. Эсептөө палатасынын системасында 2000-жылдан бери алгач адис, кийин инспектор, бир катар облустук өкүлчүлүктөрдө жетекчи болуп эмгектенген. Быйылкы жылдын февраль айынан бери Эсептөө палатасынын аудиотору болуп иштеп жаткан.

Мекемени буга чейин азыркы премьер-министр Улукбек Марипов беш жылга жакын убакыт башкарган. 2021-жылдын 1-февралынан бери бул кызмат орду бош турган. (RK)

Дагы караңыз

Талас: Абакта баласын эмизе албай ооруп калган келин боюнча териштирүү башталдыБашкы прокуратура Матраимовдун иши жабылганы туура экенин билдирдиАКШ элчилиги гендердик зомбулукка каршы акцияда зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоого чакырдыУКМК: Июнь окуясы боюнча иш кайра тергеле баштады