Талас дарыясына чөгүп кеткен эки жашар наристе табыла элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта сууга чөгүп кеткен наристени издөө бүгүн, 16-апрелде да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 15-апрелде жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу, милициядан 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, натыйжа болгон жок.

Кырсык Бакай-Ата районунда 12-апрелде кечке жуук болгон. Өзгөрүш айылында эки жашар бала Талас дарыясына чөгүп кеткен.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. 2020-жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек. (MKt)

Дагы караңыз

Коронавирус төрт бейтаптын өмүрүн алды, 230 кишиден аныкталдыЖапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырдыМамбеталиева: Матраимов "Магнитский тизмесине" жөн эле киргизилген эмесАргентина «Спутник V» вакцинасынан кийинки коркунучту каттады