Аргентина «Спутник V» вакцинасынан кийинки коркунучту каттады

Коронавируска каршы "Sputnik V " вакцинасы.

Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина коопсуздугу тууралуу отчетунда Орусияда жасалган "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн кийин канда тромбоциттердин деңгээлин азайтуучу (тромбоцитопения) оору козголору, бул кан токтобоо коркунучуна жана тромбозго алып келгени тууралуу кабарланган.

«Фармацевтикалык кабарчы» журналы мындай окуя Аргентинада 1,5 млн. адам эмделден кийин аныкталганын жазды.Ага ылайык, мындай коркунуч эмдөөнүн 0,008% түзөт.

Аргентинада жалпысынан Орусияда жасалган вакцинаны колдонуудан реакция пайда болгон 23 804 учур катталган. Бул жүз миң дозанын 1640,5 учуру. Көпчүлүк учурларда баш оору, сасык тумоо сыяктуу белги, безгек, ийне сайылган жердин оорушу жана жеңил аллергия катталган.

«Спутник V» вакцинасын алгандан кийин жети адамдын абалы оорлогон. Алардын ичинен беш адамда тромбоцитопениядан тышкары анафилаксия (коркунучтуу аллергиялык реакция) байкалган.

COVID-19 илдетине каршы былтыр августта иштелип чыккан орусиялык «Спутник V» вакцинасы быйыл февраль айында үчүнчү сыноодон өтүп, анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Аны колдонууга элүүгө чукул өлкөдө уруксат берилген.

Дагы караңыз

Театр: Адали жана канышага ышкысы өчпөгөн 90догу зергер Франция жарандарына Пакистандан чыгып турууну сунуштадыТүркмөн президенти эми парламентти да башкарат«Ак шумкалардын» күттүргөн беттешиАйзаданы өлтүргөн Замирбек Теңизбаев 2019-жылы башка эки кызга кордук көргөзгөн«Бийлик Матраимовду жоопко тартууга кызыкдар эмес»Балтика өлкөлөрү Украинага тилектештигин билдириштиУКМК Матраимовду абактан чыгарып, ишин тергөөнү токтотту Ташиев: Матраимовдун ишинде документтерге гана ишенем