Садыр Жапаров Кыргызстанда 3 миң дарыгер жетишсиз болуп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров коронавируска чалдыккан бейтаптардын абалы менен таанышты. 2021-жылдын 15-апрели.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында 3 миң жумуш орду бош турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектин жана Чүйдүн коронавирус болгон бейтаптарды дарылап жаткан ооруканаларын кыдырганда айтты.

Мамлекет башчысы дарыгерлер маянанын аздыгынан жумушун таштоого мажбур болгонун, бул маселе алардын айлыгын көбөйтүү жана иш шартын жакшыртуу аркылуу чечилерин билдирди. Медицина кызматкерлери үчүн мамлекеттен ипотекалык насыя алуу жолу жеңилдетилип, алардын турак жай алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.

Жапаров коронавирустан дарылоо үчүн ачылган “кызыл зоналарды” кыдырып, бейтаптар жана дарыгерлер менен жолукту.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун ыктымал үчүнчү толкунуна даярдык тууралуу айтып, дары-дармек жетиштүү экенин, тийиштүү дарыларды жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 200 миллион сом, айыккан бейтаптар үчүн дарыгерлерге кошумча маяна иретинде төлөөгө 157 миллион сом каралганын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталып, июль айында ооругандар жана каза болгондор эң көп катталган. Соңку күндөрү бул ооруну жугузуп алгандар кайра көбөйүүдө. Жалпысынан COVID-19 Кыргызстанда 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду. Оору жуккандардын 4 миңдейи медицина кызматкери, алардын жүздөн ашууну көз жумду. (RK)

Дагы караңыз

Монополияны жөнгө салуу агенттигин Кеңешбай Тайлаков жетектейтПригородное айылындагы аялдардын насыя боюнча нааразылык акциясы аяктадыУКМК: Матраимовдун кылмыш иши токтотулду, аны камакка алуу тууралуу чечим жокко чыгарылды Түркмөн президенти эми парламентти да башкарат