Бишкекте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргыз радиосунда аны менен бир топ жыл бирге иштешкен кесиптеши, журналист Жаныбек Эсеналиев билдирди.
Тенти Орокчиев Ысык-Көл облусунда Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда төрөлгөн. 1974-жылдан тартып 2002-жылга чейин Коомдук телерадиокорпорациясында эмгектенген.
Анын «Мекенимди даңктаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн.
1991-жылы Орокчиевдин кыргыздын акын-жазуучулары менен курган радио маектери китеп болуп басылып чыккан.
Ал Кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерк, композиция, эссе жана маек сыяктуу радио чыгармаларды камтыган 3,5 миңге жакын уктуруу даярдаган.
Соңку жылдары «Кыргыз руху» гезитинде баяндамачы, «Манас» радиосунда «Таберик» уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.
Радиожурналисттик көп жылдык жана чыгармачыл эмгеги эске алынып Орокчиевге 1997-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1998-жылы КТРКнын отличниги деген ардак наамдар ыйгарылган. 1994-жылы ал эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун сыйлыгын алган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-апрелде саат 10:00дө КТРКда өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. (MZh)
Дагы караңыз
Казакстанда коронавирус 2726 кишиден табылып, 25 адам көз жумдуМосква: Навальныйды колдоп акцияга чыккан жаран эки жылга кесилди 16-апрелдин аба ырайыЖарандары Кыргызстанга визасыз кире турган өлкөлөр тизмеси кеңейтилүүдө