“Ак Мөөр” операсы дээрлик жыйырма жылдан кийин кайра коюлганы жатат

"Ак Мөөр" музыкалык драмасы. Чыгармачыл топтун экинчи курамында башкы ролдо Адия Ысмайылова.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жамааты Эл артисти Жумакадыр Каниметовдун “Ак Мөөр” опера-дастанын коюуга даярдык көрүүдө.

Маалым болгондой, спектакль 17-апрелде коюлат. Эки көшөгөлүү опера-дастан көрүүчүлөргө музыкалык драма стилинде тартууланат.

Ак Мөөрдүн ролун эл аралык сынактардын лауреаты Айзирек Момунова, Болоттун ролун Эмгек сиңирген артист Тилек Найманбаев, Жантай ханды Эмгек сиңирген артист Кайымбек Кускаков ойнойт.

Ак Мөөрдүн ролунда Адия Ысмайылова, Болоттун ролунда Сталбек Жунушалиев.

Команданын экинчи курамында Болоттун ролун Сталбек Жунушалиев, Ак Мөөрдү Адия Ысмайылова, Жантай ханды Бакыт Алмабеков аткарышат.

Ак Мөөр менен Болоттун армандуу махабатын баяндаган “Ак Мөөр” операсы кыргыз сахнасында алгач 1993-жылы коюлган, соңку 20дан ашуун жылдан бери коюла элек болчу. (MZh)

Дагы караңыз

Москва: Навальныйды колдоп акцияга чыккан жаран эки жылга кесилди 16-апрелдин аба ырайыЖарандары Кыргызстанга визасыз кире турган өлкөлөр тизмеси кеңейтилүүдөАнкара: АКШ аскер кемелерин Кара деңизге жөнөтүүдөн баш тартты