Депутат Строкова БШКны аялдардын жергиликтүү кеңешке мүчө болуу маселесине көңүл бурууга чакырды

Евгения Строкова.

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова аялдардын жергиликтүү кеңешке мүчө болуу маселесине Борбордук шайлоо комиссиясы көңүл бурушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында айтып, аялдар арызданып жатканын белгиледи жана шайлоодон уткан партиялар менен иш жүргүзүүгө чакырды:

“Шайлоодон өткөн партиялардын ар биринде 30% аялдар болушу керектигин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жөнгө салсын деп кайрылат элем. Себеби аялдар кайра эле сыртта калып жатканын айтууда".

Айылдык кеңештеги орундардын 30 процентин аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулду. 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек.

Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер аялдардын 30% квотасына каршы чыгышкан.

Боршайком 14-апрелде бул окуяны азыр милиция жана жергиликтүү шайлоо комиссиясы териштирип жатканын билдирип, аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30 проценттик квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскерткен. (RK)

Дагы караңыз

Сот Свердлов районунда митинг өткөрүүгө тыюу салынганын ырастадыУКМК: Матраимовдун кылмыш иши токтотулду, аны камакка алуу тууралуу чечим жокко чыгарылды Депутат Рысалиев: Тергөө менен кызматташуу ыкмасын курал катары колдонуп жатышатПакистан "Техрик-и- Лаббайк" радикал партиясына тыюу салат