Аламүдүндө насыя төлөй албаган аялдар нааразылык акцияга чыгышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда насыя төлөөдөн кыйналган он чакты аял Пригородное айыл өкмөтүнүн кеңсесине кирип алышты. Алардын бири Айчүрөк Тургуналиева буга чейин насыя төлөөгө жардам сурап бир канча күн Бишкекте пикетке чыгышканын, бирок арыз-муңуна эч ким кулак салбаганын айтып, бул кадамга аргасыз барышканын билдирди:

“Насыя акчанын үстөгүн төлөй албай калдык. Анткени биздин насыянын үстөгү 35-40%, бул өтө көп. Тамак-аш кымбаттап, пандемия маалында иш токтоп калды. Менде “Мол булактан” насыя карызым бар, аны төлөй албай, кызым дагы насыя алган. Үстөгүн төлөй албай көбөйүп кетти. Өкмөт бизге жардам берсин”.

Тургуналиева өздөрүнө каршы күч колдонула турган болсо өздөрүн өрт коюуга даяр экенин кошумчалады.

Чүй милициясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге бул аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукка көз салып турганын кабарлады. (ZKo)

Дагы караңыз

Марат Казакпаев 14-июнга чейин тергөө абагында болот Шаардык кеңешке шайлоодон кийинки мандат талаш CPJ Бишкекти шайлоодо кабарчылар кабылган басымды иликтөөгө чакырды"Өзөктүк келишимдин" катышуучусу болгон үч өлкө Ирандын билдирүүсүнө кабатырБайден АКШ жоокерлерин Ооганстандан толук чыгаруу мөөнөтүн ачыктадыКургак учук жугузган жоокерлердин ата-энелери нааразылык билдиришти