«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыла турганын билдирди.
Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат.
Энергохолдингдин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киризилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Ал арада суу сактагычтарда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз.
«Дал ушул себептен Душанбе-2 жылуулук электр борбору жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жылуу маалда да ишин улантат» - деп белгиледи Ёдгори.
Тажикстанда кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.
Дагы караңыз
Байден АКШ аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга карата чыгаратБишкектен табылган бала документ иштери бүтмөйүнчө энесине берилбейтКоронавирус жугузуп алган 900дөн ашык бейтаптын абалы оор«Мегаком» ишине Жапаровдун доорунда чекит коюлду БШК аял депутаттарга бут тоспоону эскерттиТаласта эки жашар наристе табыла элек Тышкы иштер министри: Натанздагы авария Ирандын позициясын бекемдейт УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деген жарандарды кармады