Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барары күтүлүүдө

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү. 2018-жыл.

«Азия-плюс» маалымат агенттигинин тажик өкмөтүндөгү өз булактары билдиргендей, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев 10-12-июнь аралыгында президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барат.

Ушуну менен Мирзиёев президент болгондон бери Тажикстанга төртүнчү жолу барууда.

Эки өлкө лидерлери кызматташуунун бардык багыттарынын келечегин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары Дүйшөмбү менен Ташкент транспорт, энергетика, айыл чарба, илим жана маданият тармагында жаңы келишимдерге кол коюшары пландалууда.

Дагы караңыз

Байден Путинге чалып, Украинанын коопсуздугу жаатында саммит өткөрүүнү сунуш кылдыБайден АКШ аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга карата чыгаратОлимп оюндарына жолдомо уткан спортчуларБишкектен табылган бала документ иштери бүтмөйүнчө энесине берилбейтКоронавирус жугузуп алган 900дөн ашык бейтаптын абалы оор«Кустуруу» иши: Жумалиев мамлекетке заводун берди «Мегаком» ишине Жапаровдун доорунда чекит коюлду Таласта эки жашар наристе табыла элек Украинанын башкы дипломаты НАТОго кайрылды